Репортер

Учкун кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жатат, - тургундар

Учкун кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жатат, - тургундар
(обновлено: 14 янв. 2020) 7519 Ответили

На данную новость получен ответ Учкун кичи районундагы көп кабаттуу жаңы үйдүн курулушу токтотулду

Учкун кичи районундагы №12 жана №14 үйлөрдүн жанында көп кабаттуу жаңы үй курулуп жатат. Бул тууралуу аталган кичи райондун жашоочулары билдиришти.

Алардын айтымында, казылып жаткан котлован үйлөргө жакын жайгашкан жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталган эмес.

«Биз ИИМдин Академиясы тарабынан бөлүнүп берилген кызматтык үйдүн тургундарыбыз. Үй курууда коопсуздук нормалары сакталбаганына байланыштуу эртең адам өмүрүнө коркунуч туулбайт же №12 жана №14 үйлөрдүн пайдубалына доо кетип, авариялык абалга келбейт деп ким кепилдик берет?» - дешет тургундар.

Алар тиешелүү органдардан бул маселени чечип берүүнү суранышат.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?