Репортер

Кыргызча: Ошто фонтанына таштанды толгон сейил бакка качан көңүл бурушат?, - окурман (фото)

4485 Жооп берилди

Бул жаңылыкка жооп алынды Кыргызча: Оштогу сейил бак Мырзакматовдун туугандарына өтүп кеткени такталды, - Ош мэриясынын жообу (фото)

«Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө Уркуя Салиева атындагы мектептин маңдайында сейил бак бар. Ош шаарынын мэриясы, «Жашылдандыруукурулуш» ишканасы сейил бакты оңдоп, калыбына келтирүү боюнча эч кандай чараларды көрбөй жатат. Жергиликтүү ээлдер бала-чакалары менен барып, эс ала алышпайт. Баардык отургучтар сынган, түнкү жарыктандыруу жок. Мурда фонтан да бар болчу. Азыр ал фонтан таштанды таштоочу жайга айланган. Бул сейил бакка Ош шаарынын бийлиги качан көңүл бурат?», - деп сурайт окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү