Репортер

Папан айыл өкмөтүндөгү адам бою жеткен электр зымдары боюнча «Ошэлектр» ААК жооп берди

2271

2015-жылдын 4-июнунда саат 14:37де Акипресс маалымат агенттигинин «Репортер» бөлүмүнө чыккан Папан айыл өкмөтүнүн Кожокелең айылына тартылган жогорку чыңалуудагы 10 кВ аба чубалгысы боюнча «Ошэлектр» ААК төмөнкүдөй жооп берет:

 

«Ноокат райондук электр тармактары тейлеген 10 кВ аба чубалгысы 35-10 кВ «Көк-Бел» көмөкчү чордонунан чыгып Папан, Тарылга, Чөгөм, Кичик – Алай жана Кожокелең айылдарын камсыз кылууда. «Репортер» берген маалымат боюнча, көрсөтүлгөн мамыча Карагур менен Кожокелеңди туташтырган ашуудагы жолдун четинен 2,5 метрге жана чуңкурга орнотулган. Ал мамычаны башка жака жылдыруу кыйынчык туудурат. Себеби электр мамыча жардын үстүнө орнотулган. Бүгүнкү күндө «Ошэлектр» ААКтын Ноокат РЭТинин оңдоп -түздөө бригадасы мамычаны алмаштыруу иштерин алып барууда. «Ошэлектр» ААК окурманга берген маалыматы үчүн ыраазычылык билдирет»

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?