Репортер

Кыргызча: Балам үчүн дарыканадан алган буюмдан суюктук чыкты, кайра алмаштырбай коюшту, - окурман (фото)

5500 Ответили

На данную новость получен ответ Кыргызча: Жаш балдар тиштегилөөчү буюмдан суюктук чыкканы боюнча тиешелүү ишкана жооп берди

«23-июнда Бишкектеги Төмөнкү Жал кичирайонундагы №90 үйдүн күн батыш тарабында жайгашкан дарыканадан 6 айлык балама упчу сыяктуу тиштегилей турган буюм сатып алдык. Үйгө келип ачып карасак ал буюмдун ичиндеги суюктук чыгып жатканын байкадык. Кайра аптекага алып барып берсек алмаштырбай койду эмнеге экенин түшүндүргөн жок. Башкысы балам ал буюмду оозуна салган эмес болчу. Эгерде буюмду оозуна салганда эмне болот эле? Кокус балам оозуна салып, бир нерсе болсо ким жооп бермек?Мага акчасы маанилүү эмес, 110 сомго эле алганбыз. Болгону атайын ишенип дарыканадан алган буюмдун ушундай болуп чыкканына (суюктук зыяндуу болушу мүмкүн) жана алмаштырбай койгону өкүнтөт», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?