Репортер

Кыргызча: Чон-Капка фельдшер-акушерлик пункту 2015 жылы да курулушка талап болгон мекемелердин арасына киргизилген, - Саламаттык сактоо министрлиги

4102

Саламаттык сактоо министрлиги Чоң-Капка акушер-фельдшердик пунктунун абалы боюнча жооп берди:

«Манас райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна караштуу жана Үч- Коргон айыл округунун аймагында жайгашкан Чоң-Капка акушер-фельдшердик пункту райондун борборунан 7 чакырым аралыкта жайгашкан. Имарат алгач жеке үй-бүлөөгө ылайыкташтырылып саман аралаш топурак менен 1961-жылдары курулган жана бүгүнкү күнгө колдонууга болгон сапаты өтө коркунучтуу абалда. Жалпы дарыгерлик практика борбору тарабынан имаратты жыл сайын убактылуу деп аталган ремонттоо иштери жүргүзүлүп келет. Бетон фундаменти жерге батып жаткандыктан дубалдагы нымдуулук жогорулап кум шыбак аракеттери көпко созулбай урап түшүудө. Актап жана сырдоо иштери да жыл сайын аткарылууда.

Бул тууралуу кагаз жүзүндө ар кандай жогорку мекемелерге бир канча жылдан бери талыкпасатан жазылып келе жатат. 2014-жылдын 09.10- айында №246 чыгыш номуру менен курулушка талап болгон мекемелердин арасында Чон-Капка фельдшер- акушерлик пункту да көрсөтүлүп жөнөтулгөн. Жыл жыйынтыгы менен берилүүчу коньюктурлук отчетто жетишпеген маселе катары жылдан жылга корсотүлүп келет. Имараттын санитардык абалы бөлмөлөрдүн тардыгына жана эскилигинин дэңгээлинде. Бирок медициналык жабдыктар жана дары дармектер менен камсыздоо толугу менен талапка жооп берет. Чон-Капка акушер-фельдшердик пункту бүгүнкү күндө 1478 айылдын тургундарына медициналык жардам көрсөтүүдө. Чон-Капка фельдшер-акушерлик пункту 2015 жылы да курулушка талап болгон мекемелердин арасына киргизилген».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?