«Урматтуу өкмөт башчы биз сизден Манас районунун Үч-Коргон айылында өлүп жаткан малды текшертип, диагноз койдуруп берүүнү суранабыз. Айылда күнүнө 2-3 баш бодо мал өлүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 70-80 баш кара мал өлдү. 30-июнда 5 баш, 1-июлда 3 баш өлдү. Малчылар Жунусов С. - 7 баш, Акимбаев А. - 2 баш, Базилов М - 4 баш, Сыдыков Т. - 1баш бодо малынан айрылды. Башкалар дагы бар.
Өлгөн малды 3 миң сомдон сатып алып кетип жатышат. Өлгөн малдын эти базарда, дүкөндөрдө, пельмен, колбаса цехтеринде сатылбайт деп эч ким кепилдик бербейт», - деп билдирди окурман.
Репортер: Үч-Коргондо уйлар белгисиз оорудан улам өлүп жатат, - окурман (фото)
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Комментарии