«Ош облсунун Араван районундагы Мангыт айыл аймагындагы Н.Исанов орто мектебиндеги спорт залдын үстү жабылган эмес. Жамгыр жааганда ичи суу болуп калат. Дубалдары да оңдолгон эмес. Үстү жабылбагандыктан кышында суу тамчылап полдору ар кайсы жеринен сынып, спорт менен алектенгенге болбой калат. Агайга айтсак оңдолот болот дейт. Бирок оңдогонго акча жок деп эле жүрүшөт. Спорт залдын үстү жабылып оңдолсо жакшы болмок эле», - деп билдиришти аталган мектептин окуучулары.
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Комментарии