Репортер

Кыргызча: Москва көчөсүндөгү курулуш тротуардан өткөн адамдарга кооптуулук жаратат, - окурман (фото)

3410 Не ответили

«Бишкектеги Москва жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде «Экспресс курулуш» ишканасынын көп кабаттуу имаратынын курулушу жүрүп жатат. Бирок бул курулуштун жанындагы тротуардын үстү атайын коргоочу темир менен тосулбагандыктан кооптуу. Курулуш менен тротуардын аралыгы жакын болгондуктан жогорку кабаттан түшүп кеткен буюмдар түз эле тротуарга кулашы мүмкүн. Андан каттаган адамдардын өмүрүнө зыян тийгизиши ыктымал. Тротуардын үстү тосулбагандыгына карабай курулуш иштери жүрүп жатат», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?