Репортер

Кыргызча: Ошто эл жашаган жерде белгисиз дарылар чачылып жатат, ким чара көрөт? - окурман (фото)

9063 Ответили

На данную новость получен ответ Ошто эл жашаган жерде чачылып жаткан белгисиз дарылар жок кылынды – жооп

«Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында шагыл ишканасынын жанында мөөнөтү өткөн белгисиз дары-дармектерди адамдар жашаган жерге таштап жатышат. Бул сүрөттөр кечээ, 5-июлда саат 11:00 чамасында тартылды. Дарылардын жакында эле ташталганы көрүнүп турат. Себеби күнгө туруп эскирген же жамгыр тийгени байкалбайт. Дарылар өтө көп ташталган. Бир топ аралыкка чачылып жатат. Аны айылдын жаш балдары оюн көрүп бир нерсе кылса зыян тартышы мүмкүн. Адамдарга, мал-жандыктарга кооптуу болушу мүмкүн. Бул дарылар эмне болгон дарылар экенин эч ким билбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги же башка тиешелүү органдар кантип көзөмөл кылышат? Ушул маселе боюнча чара көрүлүшү керек. Коркунуч туудуруп жатат», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?