Репортер

Кыргызча: Оштогу балдар инфекциялык ооруканасында таштанды толуп, сасып кетти, - окурман (фото)

7197 Ответили

На данную новость получен ответ Кыргызча: Оштогу балдар инфекциялык ооруканасындагы таштандылар тазаланды – оорукана жетекчиси (фото)

«Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасындагы таштанды таштоочу жай толуп, бир канча күндөн бери алынбай сасып кетти. Андан тышкары таштанды таштоочу жайдын арасында үй жаныбарлары тентип жүрүшөт. Алар мындай таштанды жайларда жүрүшсө, ээсинин жанына барганда ар кандай ооруларды жуктурушу мүмкүн.

 

Ошондуктан саламаттык сактоо жайларында тазалыкты сактоо зарыл. Бул жерде баары тескерисинче болуп жатат. Эң негизгиси ооруканада иштеген дарыгерлер дагы таштанды таштоочу жайга көңүл бурушпайт. Тиешелүү кызматтарга билдирип өз учурунда тазалатып турушса болмок», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?