Окурмандын Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында «Шагыл» ишканасынын жанында мөөнөтү өткөн белгисиз дары-дармектерди адамдар жашаган жерде чачылып жатканы боюнча маалыматына шаар бийлиги төмөнкүдөй жооп берди:
«Төлөйкөн айылында «Шагыл» заводдун алдында дарылар чачылып жаткандыгы интернет булактарында жарыяланган. Бул маселе боюнча Ош шаардык саламаттыкты сактоо координаторунун буйругу менен, шаардык ОАЖСЭКнын (горсес), Экотехинспекциянын, тиешелүү адис-дарыгерлери жана Ош шаардык мэриясынын адистери барып, ал жердеги мөөнөтү өтүп кеткен дарылардын жаткандыгын аныктап, аны тазалоо Төлөйкөн айыл өкмөтүнө милдеттендирилип, ал дары-дармектер зыянсыздандырылып жок кылынды».
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Комментарии