Репортер

Бишкектеги филармониянын алдындагы фонтанга көгүчкөндөрдү кыгы толуп сасып кеткен – окурман (фото)


«Бул сүрөттөр Бишкектеги Улуттук филармониянын алдында кечээ, 19-июлда саат 17:00 чамасында тартылган. Фонтандын ичине көгүчкөндөрдүн кыктары толуп, сасып кеткен. Фонтандын ичиндеги суу сары-жашыл түскө боелуп калган. Көптөн бери тазалана электиги көрүнүп турат. Мага Казакстандан коноктор келишкен. Шаар көрсөткөнү шаардын жакшыраак каралган жерлерине алып барсам абал ушундай болуп чыкты. Коноктордун алдында уялып турдум. Ал жерде жаш балдар, башка туристтер дагы жүрүштү. Туристтер тынбай сүрөткө тартып жатышты. Филармония мэриянын жанында эле жайгашкан. Мэриянын алдында ушундай көрүнүш болуп жатса, башка жерлер тууралуу эмне айтууга болот?

 

Урматтуу Темир Аргенбаевич сизге кайрылууну туура көрдүм. Анткени Бишкек шаарынын мэри К.Кулматовдон эч жыйынтык болбойт деп ойлойм. Биз шаардыктар сиз өкмөт башчы катары өзүңүз ушундай көрүнүштөргө жана кайдыгер атка минерлерге чара көрөсүз деп ишенебиз», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү