Репортер

Кыргызча: Ошто арыктар тазаланбай, суусу сасып кеткен, адамды жийиркентет – окурман (фото)

5752 Ответили Кыргызча

На данную новость получен ответ Арыки на улице Масалиева очищены, владелец торгового комплекса «Нооруз» оштрафован, - мэрия Оша

«Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн четинде суу агуучу арыктар көптөн бери тазаланбай андагы суу кара түскө боелуп, сасып кеткен. Бул көчөдөн өткөн адамга жол четиндеги арыкта жаткан таштандылардан жагымсыз жыт келип жийиркентет. Ушул убакка чейин «Ош тазалык» ишканасы жол четиндеги арыктарга көңүл бурбай келет. Шаардын борбордук де эсептелген көчөсүндөгү мындай көрүнүш өкүнүчтүү. Жагымсыз жыттан улам, жол боюндагы маршрут токтоочу аялдамалардын алдында турууга болбой калган. Чара көрүүнү суранабыз», - деп билдирди окурман.

 

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?