Репортер

Бишкекте таштандыны туура эмес жерге таштаган адам, вице-мэрге ортоңку манжасын көрсөтүп басып кетти – окурман (фото)

25607 На русском

«Бишкек шаарынын вице-мэри таштандыны туура эмес жерге таштаган акыл-эси ордундагы адамга сын айтса, ал ортоңку узун манжасын көргөзүп туруп басып кеткен. Бул тууралуу вице-мэр Алтынай Өмүрбекова өзү соцтармактагы баракчасында маалымдады.

«Бүгүн эртең енен Октябрь районундагы 12-кичирайондо жакшынакай кебетедеги адам таштанды салынган баштыкты ыргытканын көрүп калдым. Менин ага таштандыны таштанды челекке таштаса боло тургандыгын, анткени челек бош экендигин айтканымда, ортоңку манжасын көрсөтүп туруп кетип калды. Анын манжасы эч нерсе эмес, бирок туура эмес жерге таштанды ыргыткандыгы үчүн айып төлөшү керек.

Ошондуктан бул «баатырды» билгендерден координаталарын берүүнү суранам», - деп жазды Өмүрбекова.

Тактама: Ортоңку манжа (англисче fuck) — өтө орой ишарат. Ал адамдардын одоно мамилесин түшүндүрөт.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү