Кечээ саат 20:00 чамасында Тоголок-Молдо-Васильева кочолорунун кесилишинде 65 жаштардагы апаны №107 маршрутка суздуруп качып кеткен экен. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Апа жерде эс-учун билбей жатып калган. Тилекке каршы 102 кызматынателефон чалынса телефон албай улам коюлуп салынып МАИ кызматкерлери келишкен эмес. Мамлекеттик номери 38-35 номердеги тез жардам отуп баратып, жерде жаткан апаны коруп жардам көрсөтпөстөн "биз башка чакырууга баратабыз" - деп коюшкан.
Жарым сааттан кийин башка тез жардам машинеси келип апаны алып кетти. Ал эми милициясы да, МАИси да келген жок.
Кошуналарынын айтымында, аталган карыя жалгыз чалы менен жашачу экен, 2 баласы бар экенн айткан карыя алардын жашаган жерин билбестигин айтты.
Бишкек шаарында №107 маршрутка 65 жаштагы энени сүзүп качып кеткен (фото)
Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!
Репортерду төмөнкү баракчаларда окуңуздар
Комментарии