Репортер

Өзгөн археологиялык комплексинде туристтик инфраструктура жакшыртылды, – комплекстин жетекчилиги (фото)

3612

Өзгөн археологиялык комплексинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу тескери илинип турганы жана анын абалы начар  экендиги тууралуу окурмандын маалыматына, Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин жетекчиси А.Турсунбаев төмөнкүдөй жооп берди.

«Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин тарыхында биринчи жолу Өзгөн райадминистрациясынын демилгеси менен Өзгөн шаар мэриясынын жардамы менен 2014-жылы кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, акыркы жылдарда түшкөн акча каражатка туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер аткарылды.

Ал эми АКИпресске маалымат берген аноним автор жогорудагы жетишкендиктерди көрбөй 31-октябрь «Шаар күнү» майрамында шашылыш түрүндө жаңыланган желекти орнотууда техник катачылыкты чоңойтуп жазууда кандай максат көздөгөн? Автор айткандай желек бир ай эмес 15 күн турган. Азыр оңдолуп илинди».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?