Репортер

ОшТУнун ректорун шайлоодо утулгандар окуу жайды жаманатты кылууда, – ОшТУнун жообу (фото)

2776

Ош технологиялык университетинин маалымат кызматы окурмандын «Репортерго» 16-ноябрда жарыяланган «Ош технологиялык университетинин абалы кейиштүү, ким чара көрөт?» деп аталган маалыматына төмөнкүдөй жооп берди.

«12-ноябрь күнү Ош технологиялык университетинин ректорлугуна шайлоо күнү белгиленип, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштуруу комитети түзүлгөн. Ректорлук кызматка 10 талапкер катталып, шайлоого катышкан. Азыркы учурда ректорлук кызматты аркалап жаткан техника илимдеринин доктору, Эл аралык инженердик академиянын академиги, профессор Абдыкадыр Омарович Абидов бардык атаандаштарынан чоң айырмачылык менен алдыга озуп чыккан. Жеңилген тарап бүгүнкү күндө да «кара пиар» менен алектенишип, коллективди бөлүп жарууга аракеттерди жасап жатышат. Тартылган сүрөттөр окуу жайдын пайдаланылбаган аудиторияларынан (жер төлөөдөн) тартылып алынган. Бул аудиторияларда эски, керектелбеген окуу шаймандары, эмеректер сакталат жана ал жактарда окуу процесси өткөрүлбөйт. Ош технологиялык университети Кыргызстандын түштүк аймагындагы техникалык жана технологиялык багыттагы адистерди даярдап келе жаткан, 50 жылдан ашуун тарыхы бар жалгыз техникалык окуу жайы. Керектүү материалдык техникалык база менен толукталган жана заманбап адистерди даярдоого бардык шарттар түзүлгөн. Соңку жылдарда окуу жайдын атайын каражаттарынын эсебинен заманбап китепкана курулуп бүткөрүлдү. Акыркы үлгүдөгү компьютердик класстар, 3D лаборатория, интерактивдик доскалар, электрондук диапроекторлор менен жабдылган аудиториялар ар бир факультетте пайдаланууга берилди».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?