Репортер

Шаардык №10 үй-бүлөлүк медицина борборундагы ыңгайсыздыктар жоюлат, – Саламаттык сактоо департаментинин жообу

1487

24-ноябрда окурмандын «Репортердо» жарыяланган Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк ооруканадагы ыңгайсыздыктар жөнүндөгү маалыматына Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаменти төмөнкүдөй жооп берди:

«Шаардык №10 үй-бүлөлүк медицина борборундагы аталган дааратканада оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан. Оорулуулар жана башка адамдар тарабынан даараткананы пайдалануу талабы чоң болгондуктан ал жабылган эмес. Ал эми кол жуучу раковина 24-ноябрь күнү жумуш аяктаган соң орнотулган.

№10-Үй-бүлөлүк медицина борборунун аталышын чагылдырган такта эскиргендигине байланыштуу алынып, учурда жаңыртуу иштери жүргүзүлүп жатат. Келе жаткан жумада жаңыртылган такта кайрадан илинип коюлат».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?