Репортер

Л.Толстой көчөсүндөгү аялдама адамдар үчүн кооптуу, – окурман (фото)

2872

«Бишкектин Лев Толстой жана Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада күркө (киоск) туура эмес жерге коюлган. Күркө келе жаткан унааларды тосуп калгандыктан, коомдук транспортту күтүп турушкан жүргүнчүлөр бир сапка тизилип туруп алышат. Айрымдары жолго чейин чыгып кетишет. Бул көрүнүш адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратат. Ылдам келе жаткан унаалар жүргүнчүлөрдү уруп кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, аялдаманын баш калкалай турган чатыры жана отургучтары жок. Мэр К.Кулматовдон шаардагы аялдамалардын абалын, коопсуздугун текшерип чыгышын суранам», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?