Репортер

Нарындагы Баетов айылынын З.Ашырбай кызы көчөсүндө муз тоңуп, кооптуулук жаратууда, - окурман (фото)

2242

«Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында Зина Ашырбай кызы көчөсүндө жайгашкан, суу чыккан калонканын түтүгү жарылгандан бери бир айдан ашык убакыт өттү. Бул көчөдө маданият үйү, АРИС, ветеринардык кызмат жана башка мамлекеттик мекемелер жайгашкан. Ошондой эле бул көчө, чоң көчөлөрдүн бири болгондуктан, авто унаалар тынбай каттап, мектепке барган окуучу балдардын жана ошондой эле карыган адамдарга кооптуулук жаралып жатат. Себеби көчөдө муз тоңуп, унаалар жолдун чети менен жүргөнгө мажбур болуп жатышат. Андан тышкары бул айылда суткасына суу 4-5 саатка гана чыгат. Ушул маселеге да көңүл бурулса болмок», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?