Репортер

1,4 жаштагы Жалил ден-соолугуна байланыштуу элинен жардам күтөт, – окурман (фото)

10903

«Урматтуу мекендештер, Жалил сиздерден жардам күтөт. Жалил ичегилери тубаса жабышып төрөлгөн. Кыргызстанда дарылануусун баштап, биринчи жолу ооруканага барганда, «бул бала адам болбойт» дешкен. Энеси чуркап жүрүп биринчи операциясын Кыргызстанда кылдырып, кийинки операциялары үчүн Кыргызстандын ооруканаларында мүмкүнчүлүк болбогондуктан Стамбул шаарындагы Шишли Этфал ооруканасына келген. Азыркы учурда 2 операция жасалып абалы жакшы болуп бара жатат. Дарыгерлер «буйруса дагы бир операция жасалгандан кийин толугу менен жакшы болот», деп жатышат.

Шишли Этфал ооруканасында жеке ооруканаларга салыштырмалуу төмөн баада дарыланса да, азыркы учурда 16000 лира ооруканага карыз болушкан. Апасы Айзада бул сумманы төлөөгө, Жалилдин жакшы болуп кетүүсүнө жардам берүүңүздөрдү суранат. Жалил 1 жаш 4 айлык. Али жашоону көрүп түшүнө да элек. Кайдыгер карабаңыздар», - деп билдирди окурман.

Кабарлашуу үчүн байланыштар:
Айзада +90 545 3150577
Назира +90 553 1220142
Достук Коом +90 533 4660688


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү