«Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндөгү каналга топтолуп калган таштандылар «Ош - Тазалык» ишканасынын жумушчулары тарабынан тазаланды. Бул канал суу чарба ишканаларына карайт.
Канал «Ош - Тазалык» мекемесине карабаса да тазалоо иштерин жүргүздү. Айрым кайдыгер шаар тургундары ыргыткан желим бөтөлкөлөр суу менен кошо агып келип, канал кайра эле таштандыга толуп калып жатат. Шаардыктарды тазалыкка чакырабыз», - деп билдирди «Ош - Тазалык» ишканасы.
Комментарии