Репортер

Оштогу Навои көчөсүндөгү такси унааларга качан чара көрүлөт? – окурман (фото)

2058

«Ош шаарынын Курманжан-Датка жана Навои көчөсүнүн кесилишиндеги жол чырактын астында унаалар жолдун жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкесинен өйдө токтоп турушат.
Мындай көрүнүштөргө Жол кайгуул кызматкерлери чара көрбөсө, анда ким жооп берет? Учурда аталган жайда Араванга кетүүчү таксисттер да башаламан токтоп турат. Жакында жаңы автобаза курулуп баардык таксисттер жаңы автовакзалга көчүрүлгөн болчу.
Бирок Араванга каттаган таксистердин автоунаалары башаламан токтоп тургандыгына да көзөмөл кылынбай келет.
Буга катар эле Ош шаарынын ичинде башаламан токтоп турган унаалар көп. Аларга да Жол кайгуул кызматкерлери тарабынан эч кандай көзөмөл жасалбай келет.
Мындай көрүнуштөрдү көрүп, Ош шаарынын Жол кайгуул кызматкерлери иштеп жатабы же жокпу деген суроо жаралат», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?