Репортер

Тасма айылындагы мектепке жардам керек, – окурман (фото)

2363 На русском

«Түп районундагы Тасма айылынын А.Сопиев атындагы орто мектептин спорт залынын абалы начар. Аталган мектепте 39 мугалим эмгектенет, 375 окуучу окуйт. Мектеп боюнча 1 компьютер 1 принтери бар. Мугалимдер иш кагаздарын 1 компьютер 1 принтер менен чыгарышат. Ксерекопия жок. Керектүү иш кагаздарын ксерекопиялоо үчүн мектептен айыл өкмөтүнө чуркашат. Мугалимдер ал жакка барса боек түгөнүп жатат, деп кабинеттерин бекитип алышарын айтышты. Айла кеткенинен иш кагаздарын 21 км алыстыкта жайгашкан Түп районунун борбору Түп айылына келип чыгарып кетишет. Облустук билим берүү жана райондук билим берүү мекемесинин жетекчилери отчетту элекрондук түрдө түстүү кылып алып келгиле, деп колго жазып баргандарын алышпай убара кылышарын кабарлашты.

Урматтуу мекендештер мектепке тиешелүү жабдыктарды (ксерекопия, сканер, компьютер) жагынан жардам көрсөтүүгө чакырам.
Экинчиден спорт залдын ичи оңдоо иштерине муктаж. Кышкысын жылуулук жок суук. Айылдын окуучулары жана жаштары буга карабай суук спорт залда машыгып, райондук облустук мелдештерге катышып ийгиликтерди багындырып келет», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү