«Бишкек шаарынын аялдамаларда ката жазылган жарнамаларды издебей тапса болот. Алардын бири Фучик менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада чапталып турат. Бир сүйлөмдүн жазылышынан эле 4-5 ката табылган агенттиктин жарнамасында мындай деп жазылып турат: «Үй-бүлөө куруу агентсвосу! өмүрлүк жар тапканга жардам берет. (беш сары 2 кабат).
Кыргыз тилинин эрежеси боюнча үй-бүлөө эмес — үй-бүлө, беш сары эмес - «Беш-Сары», 2 кабат эмес — 2-кабат, деп жазылат», - деп билдирди окурман.
Аялдамадагы жарнама 4-5 ката менен жазылып илинип турат, – окурман (фото)
16 мая 2016, 10:16
Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!
Читайте Репортер в
Комментарии