Репортер

Октябрь РИИБдин кызматкери Т.Мыкыбаев Ала-Бел ашуусунда унаасы оодарылып, дарыяга түшүп кеткен үй-бүлөнү куткарып калды (фото)

34186 На русском

18-июнда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ала-Бел ашуусунан жол кырсыгы болуп, унаа жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен, деп билдирди окурман.

Анын айтымында, унаада Тынчтык аттуу жигит үй-бүлөсү менен бара жаткан.
Редакция үй-бүлөнү куткарып калган милиционер менен байланышып, кеңири маалымат алды.

Үй-бүлөнү куткарып калган милиционер Тынчтык Мыкыбаев түндө Бишкектен үй-бүлөсү менен Токтогулга бара жаткандыгын айтты. Анын айтымында, жол туман болуп турган.

«Ала-Бел ашуусунан түшүп бара жатканда бир адамды көрүп калып унааны токтотуп, эмне үчүн бул жерде турганын сурадым. Ал унаа кырсыгына кабылгандыгын, өзүн жаман сезип, дем алышы кыйын болуп жаткандыгын айтты. Унаада дагы ким бар экендигин сурасам, жубайы менен кетип бара жаткандыгын билдирди. Туман болгондуктан айлананы карап унааны тапкан жокмун. Кырсыкка туш болгон адам шок абалда болуп, катуу жабыркагандыктан аны ооруканага алып барууну чечтим. Биз болжол менен 20 километр жүргөндөн кийин ал анын жубайы унаада отурганын айтты. Мен унааны артка айдап кырсыкка болгон жерге кайра келдик. Сууга жакын барып, «Ким бар?» кыйкыра баштадым. Унаа аңтарылып жатыптыр. Суунун агымы күчтүү болчу. «Бул жактамын» деген үн чыкты. Ал (айдоочунун аялы) ал жакта болжол менен 1-2 саат жатыптыр. Мен сууга түшүп, унаадан алып чыктым. Ал аябай тоңуп калыптыр. Тез эле ооруканага келип аларды таштадым. Кийин аларга кургак кийимдерди алып барып бердим. Жолдошу реанимацияда жатыптыр. Аялы өзүн жакшы сезип калыптыр», - деди 35 жаштагы куткаруучу.
Анын айтымында, Михаил менен Элвиранын кызы (жабырлануучулардын кызы) Бишкектен келип аларды алып кетти.

Михаил менен Элвира Токтогулда бир нече күн эс алып, Бишкекке кетип бара жатышкандыгы белгилүү болду.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү