Навигацияны ачуу

Токтогулдагы Н.Бримкулов мектебинин спорт залы оңдолду, - окурман (фото)

«Кечээ, 11-январда Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылындагы Н.Бримкулов атындагы гимназия мектебинин спорт залы капиталдык ремонттон өтүп, лента кесүү жана ачылыш аземи болду. Ачылыш аземге чакырылган коноктор, спорт залдын ремонту сапаттуу бүткөндүгүн белгилешти. Мектеп окуучулары жана дене тарбия мугалимдери спорт залдын бүтүшүнө абдан кубанып толкунданып турушту. Бул долбоор Токтогул районунун атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы мамлекеттик мекемеси тарабынан каржыланып бүткөрүлдү», - деп билдирди окурман.



 

Токтогулдагы Н.Бримкулов мектебинин спорт залы оңдолду, - окурман (фото)
1
4
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp», «Viber» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Обсуждения закрыты

Загружается...

 
 

Кирүү