Репортер

Ысык-Көлдө балык уулап жатып сууга чөгүп кеткен таяке-жээндин денелери табылбай жатат, - окурман (фото)

3951

«Кечээ, 17-январда Ысык-Көлгө балык уулоого барып желим кемеси менен сууга чөгүп кеткен Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын 2 тургуну азыркыга чейин изделип жатат. Чөгүп кеткен 1988-жылы жана 1997-жылы туулган жигиттер таяке-жээн болушчу. Алар сүзүп жүргөн желим кеме суудан табылды. Жарылып калган экен. Алар сууга чөгүп жатканда жардам сурап кыйкыргандарын уккандар болуптур. Бирок уккандар желим кемелерин үйлөтүп аларга жардам берүүгө жетип келгенге чейин жигиттер сууга чөгүп кеткени айтылып жатат.

Азыр сууга чөккөндөрдү жергиликтүү тургундардын 5 кайыгы жана ӨКМдин 1 кайыгы менен издеп жатышат», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү