Навигацияны ачуу

«Ош» базарында унаалардан белгисиз адамдар акча алып жатышат, - окурман (видео)

«Бул «Ош» базарындагы көрүнүш. Кулиев көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде унаа токтотууга акча алынбайт. Бирок бул адам ар бир унаадан 10 сом 20 сомдон алат экен. Акча кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат? Алар эч кандай чек  беришпейт. Андан көрө минтип белгисиз адамдардын чөнтөгүнө түшүп жаткан каражатты мэрия өз көзөмөлүнө алып шаардык бюджетке акча топтосо болмок», - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp», «Viber» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Обсуждения закрыты

Загружается...

 
 

Кирүү