Репортер

Түркияда көчөдө калган кыргызстандыктар мекенине келүүгө жардам сурашууда (фото)

8875 Жооп берилди

Бул жаңылыкка жооп алынды Посольство Кыргызстана в Турции постарается помочь с жильем и отправкой двух кыргызстанцев домой

«Репортерго» Түркияга иш издеп барып көчөдө калган мекендештерибиз Асанакунов Эсен Абазович менен Жусупов Улан Нургазиевич жардам сурап кайрылды.


«Бизди анан дагы бир эжени (сүрөттөгү) Түркияга Дилбара Т. деген аял алып келген. Биз Түркиянын Анкара шаарына 10-декабрда келгенбиз. Бул жакта 1 ай 10 күн жаттык. Кокусунан бир жумуш табылып калып, 1 жума ошол жерде иштедик. Анан ал аял бизден учактын билетинин акчасын сурады. Бизде акча жок, ал ар кайсы түрккө чалдыртып коркутуп, кууп салды. Кыргызстанда калган келинчегиме чейин коркутуп, кат жазып жатат. Азыр 1 жумадан бери көчөдө калдык. 4 күн көчөдө жаттык, анан ар кайсы кыргыздардын үйүнө бир күндөн жатып жүрдүк. Же акчабыз жок же үйгө бара албайбыз. Элчиликке кайрылсак полиция кызматкерлерине кайрылгыла деп коюшту. Түркчө да жакшы билбейбиз. Бизге Кыргызстанга кеткенге жардам берип коюшуңуздарды суранабыз», - деди алар.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү