Навигацияны ачуу

Бишкекте курулуш ишкана суу алып өтүү үчүн жолду талкалап оңдобой таштап койду, - окурман (фото)

«Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдон жаңы курулушка суу алып өтүү үчүн курулуш ишканалардын бири асфалтты талкалап жолду бузуп салды. Айдоочулар менен ал жерде жашаган  №9-11 үйлөрдүн тургундары бул курулуш ишканасын жоопко тартууну суранабыз. Себеби жолду казып суу алып өтүшкөн соң кайра чуңкур кылбай өзүндөй жасаш керек болчу. Булар андай кылышкан эмес, чала көмүп тим болушкан. Унаалар ал жерден айланып өтүп калышты», - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp», «Viber» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Обсуждения закрыты

Загружается...

 
 

Кирүү