Репортер

Бишкекте жолду талкалаган ишкана аба ырайы ачылса жолду оңдойт, - мэриянын жообу

(обновлено: 27 марта 2017) 4090

«2016-жылдын 13-октябрында «Азиястройкомплекс» ЖЧКсына Ахунбаев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн ортосундагы Тыналиев көчөсү боюнча Тыналиев көчөсүнө өтүү менен жана Тыналиев көчөсүнүн чыгыш тарабы боюнча Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрү аркылуу «Юнипрогресс» ЖЧКсына таандык көп кабаттуу үйгө өтүү менен суу түтүгү жана канализация орнотуу үчүн №314 ордер берилген. Учурда канализацияны орнотуу боюнча жумуштар аткарылган жана жолдун асфальтбетон кыртышы кабылына келтирилген. Бирок кабылына келтирүү иштери сапаттуу аткарылган эмес. Андан кийин жумуш жүргүзүүгө ыңгайлуу аба ырайы болгонго чейин убактылуу брусчатка төшөлгөн. «Азиястройкомплекс» ЖЧКсы оңдоо иштерин ыңгайлуу аба ырайы келгенде аткарууга милдеттендирилет», - деп жооп берди мэрия.

 

Буга чейин окурмандар Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдон жаңы курулушка суу алып өтүү үчүн курулуш ишканалардын бири асфалтты талкалап жолду бузуп салып, өзүндөй кылып оңдобой кеткендигин кабарлашкан.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?