«Кышында калың кар жаагандыктан жана арыктарга муз тоңуп калгандыктан 2017-жылдын 20-апрелинде саат 14:00 чамасында Суусамыр айылдык аймагынын Тунук айылынын көчөсүнө суу агымы жүрүп кеткен. Кырдалага карата айыл тургундары менен биргеликте иш-чара жүргүзүлүп, азыркы учурда эч кандай коркунуч жок, суу агымдары өз нугу менен агып жатат», - деп билдирди Чүй облусунун жетекчилиги.
Буга чейин окурман Жайыл районунун Суусамыр айылында кардын ээришинен улам жолдорду суу каптап жаткандыгын кабарлаган болчу.
Комментарии