Репортер

Ошто Улуу Жениш майрамына арналган салтанатка 15 миңден ашуун адам күбө болду (фото)

(өзгөртүлгөн: 10 мая 2017) 5154 На русском

9-майда Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык салтанатка биринчи вице-премьер министр Мухаммедкалый Абулгазиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, РФнын Ош шаарындагы башкы консулу, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана калаа тургундары катышты.

 

Майрамдык иш-чара согуштун ардагерлери УАЗ автоунаалары менен жоокерлердин коштоосунда шаардык мэриянын эски имаратынан бобордук аянтка багыт алуу менен башталды. Андан соң бардык катышуучулар "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюушуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.


Шаар мэри Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерге таазим этүү менен Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.


«Согуштун каары, азап-тозогу канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 72 жылдан бери Жеңиш майрамы жергебизде салтанаттуу белгиленип келе жатат. Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Мезгил учкан куштай өтө берет. Бирок, Улуу Ата Мекендик согуш, анын кесепеттери, Рейхстагга Жеңиш туусун сайып, Улуу Жеңишти алып келген эр жүрөк мекендештерибиздин баатырдыгы, алардын ташка баткан элестери, Ооруктун каармандарынын кайратман эмгеги турмушубуздун уңгулуу сабагы катары түбөлүккө жашай берет. Алардын баскан жолу, түбөлүктүүлүктүн үрөнүн сепкен өрнөктүү өмүрү эч качан унутулбайт. Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго, ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим жана даңк», - деди А.Кадырбаев.


Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери, С.Ибраимов, Бабур атындагы драма жана куурчак театрларынын, Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын, "Келечек" балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды.


Мындан тышкары, жогорку окуу жайлардан, мектеп окуучуларынан, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринен, активисттерден турган үч миңге жакын адамдын катышуусунда, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди эскерүү максатында, «Өлбөс өчпөс полк»- сүрөт портрети менен жөө жүрүш болду.


Ошондой эле, Токтогул атындагы сейил бакта « Аскердик талаа ашканасы» деп аталган жоокер-ардагерлер үчүн сый тамак тартууланып, ал концерттик программа менен коштолду. Жалпы шаардыктар жана коноктор үчүн борбордук аянтта спорттук мелдештер уюштурулду. Белгилей кетсек, Ош шаарындагы Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара ипподромдо улуттук ат оюндары менен уланат.

 

Айта кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 15 катышуучусу, 34 ооруктун каармандары Эли-Журту менен бирге Жеңиштин 72 жылдыгын майрамдап жатышат.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү