Навигацияны ачуу

Кербен шаарындагы көчөлөрүндө унаа айдоочулар жол эрежесин одоно түрдө бузуп жатышат, - окурман (фото)

«Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы борбордук көчөлөрүнүн бириндеги жол эрежесин одоно түрдө бузушуп, өзүм билемдик менен коюлган машиналарды тартипке келтирууну эч ким колуна албай жатат!

 

Бул боюнча патрулдук милицияга кайрылууну туура көрүп, бирок аларды да таба албадым.

 

Патрулдук милициянын кызматтык машинасы да ошол жерде жол эрежесин бузуп, жол кесилишинде, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өткөөлдө турат, ичинде кызматкерлер жок. Эки жарым саат күттүм, келишкен жок.

 

Бул башаламандыкты тийишти орган колго алып, тез аранын ичинде жоюуга аракет кылышса деген ниеттемин», - деп билдирди окурман.

Бул жаңылыкка жооп алынды Патрулдук милиция Кербен шаарынын көчөлөрүн көзөмөлдөп жатат, - Жалал-Абад ОИИБ

Кербен шаарындагы көчөлөрүндө унаа айдоочулар жол эрежесин одоно түрдө бузуп жатышат, - окурман (фото)
1
3
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp», «Viber» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.
Обсуждения закрыты

Загружается...

 
 

Кирүү