«Нарын облусунун Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылынын 65-жаштагы тургуну Аман Төлөбеков өкмөттүн кылган мыйзамсыз иштеринен улам ушул убакытка чейин пенсияга чыга албай келет.
Анын айтымында, менчиктештирүү башталганда үйүн жана аны менен бирге өздүк документтерин аткаруучу бийлик тартып алган.
Пенсия маселесин чечүү үчүн А.Төлөбеков бир нече ирет президент, Жогорку Кенеш, прокуратура, Министирликтер, Соцфонд жана башка бийлик өкүлдөрүнө кайрылган. Бирок бир да жолу өкмөт тарабынан канаттандыраарлык жооп ала алган эмес», - деп билдирди окурман.
Комментарии