«Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Жеңиш гүл багы үч айлык ишембиликте тазаланып, жашылдандырып, бактары сырдалып, акталып келет.
Бул жерди жарыктандырууга жолдоруна брусчатка төшөгөнгө жергиликтүү бюджеттен канчалаган акчалар бөлүнөт.
Бир нече шаардын көзү өтүп кеткен ардактуу инсандарына арналып, кийинки муундарга тарых катары айтып жүрүү үчүн орнотулган ысымлары жазылган тактайчалар орнотулуп, ал да бир топ каражатты талап кылды.
Эми минтип ошол жасалган эмгектерди уйлар тепселеп, сындырып, көлөкөдө саябандап олтурганы туурабы?» - деп сурады окурман.
Комментарии