Репортер

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнү ири курулуштар пайдаланууга берилди

2987

31-август күнү Ош шаарында бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты, веложол жана үчүнчү көпүрөнүн ачылыш аземи болду. Ага КРнын Өкмөт башчысы Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары жана коноктору катышты

Премьер-министр Сапар Исаков аз убакыттын ичинде Ош шаары Борбордук Азиядагы эң өнүккөн шаарлардын катарын толуктай тургандыгын билдирди.

“Ош шаары өнүгүү жолунда бара жатат. Анткени шаардагы ири долбоорлордун ишке ашып жаткандыгы буга далил. Эң биринчиден талыкбаган эмгек менен, сапатын тынымсыз текшерип, акча каражатын сарамжалдуу пайдаланып курулуш иштерин өз убагында бүтүргөн Ош шаарынын мэрине жана анын командасына ыраазычылык билдирем”,-деди С.Исаков.

Ошондой эле, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырып шаардын инфраструктурасын жакшыртууга дагы көмөк боло тургандыгын кошумчалады.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев акча каражатын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде ири долбоорлор биринин артынан бири курулуп жаткандыгын айтып, жакынкы аралыкта көргөзмө аянтчасынын (подиум) курулуш иштер баштала тургандыгын билдирди. Ал үчүнчү көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражат эсебинен салына тургандыгын кошумчалады.

Кызыл тасма кесилген соң, бийлик өкүлдөрү курулушу бүткөн ири долбоорлор менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн узундугу 45 метр,унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, ал эми туурасы 15 метр. Ал эми тендердик баасы 21,2 млн.сом.

Ошондой эле, Сай-Бою көчөсү аркылуу Б.Нурматов көчөсүнөн А.Навои паркынын тушундагы Ы.Монуев көчөсүнө чейинки веложолдун узундугу 2,5 км. Сай-Бою көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейинки 350 метр жол асфальтталды. Жалпы тендердик баасы 45млн. сом.

Ал эми бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты ашканасы менен биригип жалпы аянты 2021 метр квадратты түзүп, тендердик суммасы 18 млн 900 миң сом. Жатакана 50 орунга ылайыкташтырылган, жуунуучу жай, окуу бөлмөлөрү жана тамактануучу жайлары камтылган.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү