Репортер

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Б.Асылбеков 89 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнѳ салды

3277

«Бүгүн 2-сентябрда, персоналдык пенсионер Бообек Асылбеков 89 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнѳ салып кетти.

 

Асылбек уулу Бообек 1928-жылы Талас облусунун Кара Буура аймагындагы Чоң Кара Буура айылында жарык дүйнɵгɵ келген. 1943-жылы Кара Буура жети жылдык мектебин бүтүрүп, Буденный колхозунда бригаданын эсепчиси, кийинчерээк катчы болуп иштеген. 1946-47-окуу жылдары Покровка районундагы Чоң Коргон мектебинде окуп, 1947-48-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектебин бүтүргɵн.

 

1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин география жана тарых адистиги боюнча ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы Чалдывар орто мектебинде география мугалими болуп агартуучулук эмгек жолун баштаган. 1953-55-жылдары Киров районундагы (азыркы Кара Буура) Бейшеке орто мектебинде завуч, кийинки жылдары директору болуп иштеп турган.

 

1955-56-жылдары Бейшеке орто мектеби Москвадагы эл чарба жетишкендиктеринин (ВСХВ) катышуучусу болгон. Ошол жылдары агай «ВСХВнын катышуучусу» деген кош медаль менен сыйланган. Агартуу майданында сиңирген эмгеги жогору бааланып туристтик топ менен СССРдин Баатыр шаарларын кыдырып келүү сыйына арзыган.

1958-жылдан баштап 1963-жылга чейин Буденный мектебинин директору болуп иштеп турган. Кийин ушул мектепте география мугалими болуп үзүрлүү эмгектенип жүрүп 1988-жылы ардактуу эс алууга чыгып, 1998-жылга чейин агартуучулук кесибин улантып иштеп келген.

 

1980-жылы СССРдин география коомунун анык мүчɵсү болуп катталган. 1982-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» белгиси менен сыйланган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин алкыш каты жазылган грамотасын алган.

 

2007-жылдын 27-сентябрында Ɵлкɵнүн президентинин жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардак наамга ээ болгон. Персоналдык пенсионер.

 

Ушу кезге чейин уулдары менен кыздарынын урмат сыйын кɵрүп, неберелеринин мээримдүү чоң атасы жана таятасы эле. Ɵмүрлүк жары Кубатбекова Зарылбүбү да жаш муундарды тарбиялоого бүткүл дарамет мээримин арнап, күч-кубатын аябай иштеген мээримдүү мугалим болгону элдин эсинде. Таланттуу педагог эле. Кɵпчүлүк айыл эли ал кишинин колунан башталгыч билим алгандыктан ар дайым урматтап, сыйлап турушчу.

 

Педагог жубайлар ɵмүрдɵ эриш-аркак болуп бир нече бараандуу ɵмүр кɵчүн тарбиялап, уядан учурушкан.

 

Талас ѳрѳѳнүндѳ Кара Буура аймагында эмгеги сиңген эл агартуучуну билбеген адам жокко эсе. Бообек агайдын эмгегин анын колунан таалим- тарбия алып турмуш сапарына аттанып чыккан окуучуларынын баары эстеп, ызааттап турушканы каниет.

Мугалимдин бактысы да ушулар менен аныкталып турат экен. Алардын кɵпчүлүгү устатынан шакирти ɵтɵт дегендей чыгаан чыгышты. Республиканын аймактарында кɵрүнүктүү кызматтарды аркалап элге-журтка эмгек сиңирип жатканын кɵрүп жетине албай сүйүнүп да, сыймыктанып да калар эле. Алардын кɵпчүлүгү пайгамбар жашына келип, дагы бир тобу ɵзүнɵ удаалаш эле ɵмүр сапарын арытып келе жатышса агай деп урматтап турушканы чоң дѳѳлѳт эле. Мындан артык сый болбостур. Эл сыйлаган мугалимдин саябан дарагы берекелүү мɵмɵлүү шагын ийип ѳткѳн-кеткенди эске салып бакыбаттанып тура бермек.

 

Турмуштун ушул кѳз ирмеми, Бообек Асылбековдун жаркын элеси агайды жакшы билгендердин жүрѳгүндѳ ар дайым жашай берет.

 

Бообек Асылбековду жакындан билген санаалаш замандаштары, кесиптештери, агайдын жек- жааттары маркумдун үй-бүлѳсүнүн, бир боорлорунун, уулдары менен кыздарынын аза кайгысын тең бѳлүшүп кѳңүл айтышат.

 

Маркумдун сѳѳгү жекшембиде Кара Буура районундагы Чоң Кара Буура айылында жерге берилет», - деп билдирди окурман.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү