ААК «Түндүкэлектр» окурмандын Арча-Бешиктеги Шералиев көчөсүндө электр жарыгы күнүнө 3-4 жолу өчөт маалыматын карап чыгып, төмөндөгүдөй жооп берди:
«Арча-Бешик конушунун Шералиев көчөсүндө болгон электр жарыгынын өчүрүлүүсү 3-5 январда өткөн ААК «НЭСК» жана «Түндүкэлектрдин» оңдоо иштери менен байланыштуу.
Электр түйүндөрүнүн нормалдуу режимде иштешин камсыздоого болгон кайра калыбына келтирүү иш-чаралары «Ново-Южная» жогоркучыңалуудагы подстанциясында көрүлгөн».
Комментарии