Репортер

«Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» карата Аламүдүн районундагы Мрамор орто мектебинде иш-чара өттү (сүрөт)

4304

Чүй областынын Аламүдүн районундагы Мрамор орто мектебинде 22-февраль күнү «Ата Мекенди коргоочулар күнүнө» карата окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо максатында салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Окурмандын кабарлоосу боюнча, иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын №719 бөлүмү менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде өткөрүлдү.


«Салтанаттуу иш-чарага Улуттук Гвардиянын №719 бөлүмүнүн жоокерлери, Ала-Арча айыл аймагынын башчысы Э.Ш. Бакасов жана айылдык кеңештин төрагасы Ж.Р. Узенов катышышты. Мрамор орто мектебинин мүдүрү Д.А. Ашымбаева Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, иш чараны ачты. 5-6 класстын окуучулары Ата Мекен тууралуу көркөм ыр айтышты, 7-8 класстын окуучулары обондуу ырларды музыканын коштоосунда аткарышты, 9-11 класстын окуучулары аскердик жүрүштөрдү көргөзүштү.


Улуттук Гвардиянын жоокерлери өздөрүнүн өнөрлөрүн көргөзүү менен окуучуларды Ата Мекенин коргоого жана сүйүүгө үндөштү», - деп жазат ал.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү