Репортер

Суусамыр аймагында булак суусунун нугун буруу иштери аткарылды, - Чүй обладминистрациясы

10879

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү окурмандын Суусамырдагы айылды сайдагы суулар каптап жатат маалыматын карап чыгып, жооп берди:

 

«Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагындагы Түндүк айылдан 2 чакырым аралыкта, «Шорго» участкасында булактан чыккан суу, Түндүк айылындагы Жолуке-2, Чар-Уя, Эркин-Сай көчөлөрүндөгү үйлөрдү жана короо жайларды каптаган. Бардыгы болуп 10 үйдү суу каптаган. Бул жердеги суу күндөн күнгө көбөйгөнүнө байланыштуу, ошол жердеги узундугу 80 метр болгон арыкты тазалоо иштерин аткарууга чоң зарылчылык бар экендигин маалымдашкан.

 

Ошондуктан Жайыл райондук Жарандык Коргоо комиссиясы арыкты тазалоо боюнча жеринен барып акт түзүп, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгына кайрылып, бүгүнкү күндө булактан чыккан суунун нугун буруу үчүн тез аранын ичинде чоң инженердик техниканын (экскаватор) зарылчылыгы бар экендигин маалымдашкан.

 

Жайыл районунан жана Кара-Балта шаарынан ӨКМ бөлүмүнөн 4 кишиден турган куткаруучу топ ордунан иш алып баруу максатында Суусамыр аыйлдык аймагына чыгып кетишкен.

 

Жергиликтүү бийлик тарабынан 2018-жылдын 30-январында 1 даана погрузчик жана айыл тургундарынан катышкан 20 адам иш алып барышкан.

 

ӨКМ тарабынан 2018-жылдын 31-январында алынып келинген экскаватор саат 10:30дан баштап 17:30 га чейин иштеген. 80 метр жер казылган: терендиги 3 метр, туурасы 2 метр. Ошентип жумуш толугу менен аяктаган».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?