Навигацияны ачуу

Сокулукта акыр-чикир жаткан сүрөт мурда тартылган, – айыл өкмөтү (сүрөт)

Сокулукта акыр-чикир жаткан сүрөт мурда тартылган. Бул тууралуу Сокулук районунун Крупск айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Эдигеев маалымдады.

 

Буга чеин окурман Сокулуктагы темир жол өтмөктүн жанында, суунун жээгинде акыр-чикир жатканы боюнча нааразычылык билдирилип, сүрөттөрүн жиберген.

 

Ж.Эдигеевдин пикири боюнча жиберилген сүрөттөр эски. «Бул жерлерде биз өкмөттүн «Таза жашоо» программасынын алкагында бир жума мурун ишенбилик өткөрүп, тазалап койгонбуз. Учурда да ишенбиликтер токтобой, бардык көчөлөрдө жүрүп жатат. Бугатургундар дагы кол кабыш кылып, акыр-чикир ыргытпай, анын ордуна ишенбиликке активдүүкатышып турушса абдан жакшы болот эле» - деп билдирди ал.

Сокулукта акыр-чикир жаткан сүрөт мурда тартылган, – айыл өкмөтү (сүрөт)
1
9
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp», «Viber» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.

Загружается...

 
 

Кирүү