Репортер

Аламүдүн орто мектебинде психолог менен ата-энелер жана балдар арасында пикир алмашуу өттү, - окурман (сүрөт)

2905

Аламүдүн районундагы №1 Аламүдүн орто мектебинде 13-март күнү мектепте окуган турмуш шарты оор балдардын ата-энелери жана балдары менен психологдун жолугушуусу уюштурулду, деп маалымдады окурман.

 

«Жолугушуунун максаты бүгүнкү күндөгү турмуш шарты оор балдарга жана ата-энелерине психологиялык жактан көмөк көрсөтүү болуп саналат. Жолугушууда психолог менен ата-энелер жана балдар арасында кеңири пикир алмашуу болуп өттү. Ар-кыл темадагы оюндар ойнолду, балдар сүрөт тартышты жана кызыктуу баяндар окулду», - деп билдирди ал.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү