Репортер

Теплоключенкада «Атам, апам жана мен, сергек жашоо биз менен» аттуу конкурс өттү (сүрөт)

6320

Теплоключенка айыл өкмөтүндө кургак учук менен күрөшүү айлыктарынын алкагында «Атам, апам жана мен, сергек жашоо биз менен» аттуу муниципалдык мекемелер арасында конкурс болуп өттү, деп маалымат берди окурман.

 

Анын айтымында, конкурсттун максаты — тамеки тартууга, баңгиликке каршы, кургак учуктун алдын алуу, сергек жашоону пропагандалоо болду.
«Ар бир муниципалдык мекемеден (эки мектеп, эки бала-бакча, маданий-спорт ордо, «Тазалык муниципалдык ишканасы») бирден үй-бүлө катышып, команданын атын, девизин жактоо,э кинчиси сергек жашоо үй-бүлөнүн байлыгы темасындагы дубал газеталарды жактоо, үчүнчү үй-бүлөнүн музыкалык номери болуп, аягы спорттук эстафеталар менен жыйынтыкталды.

 

Калыстар тобунун жыйынтыгы менен үй-бүлөлөргө баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле бул иш-чарада Ак-Суу үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери тарабынан кургак учук, тамеки, баңгизаттын зыяндуулугу тууралуу слайд түрүндө маалымат берилип, буклет, плакаттар таркатылды», - деп кошумчалады ал.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү