Репортер

Аламүдүн орто мектебинде англис тили жумалыгы өткөрүлдү, - окуучу (сүрөт)

3811

Аламүдүн районундагы №1 Аламүдүн орто мектебинде БУУнун Тынчтык корпусунун өкүлү Салтанат Нуруйбекова жана мектептин волонтеру, англис тили мугалими, ошондой эле 5-11-класстарынын окуучулары менен биргеликте англис тили жумалыгын өткөрүлдү, деп билдирди окуучу.

 

Анын айтымында, жумалыкта мектеп окуучулары «Мен эмне үчүн англис тилин окуймун?» деген темада дил баян жазышып, женүүчүлөр аныкталды.

Дил баян жазгандар 3 топко бөлүндү:


- 1-топ: 6-7 класстардын арасында 1-орун Азирет Толобековго, 2-орун Ырысгул Нурлановага жана 3-орун Альбина Жалиловага тийди. Баары 7А класстын окуучулары;


- 2-топ: 8-9 класстардын арасында 1-орун 8В классынын окуучусу Аяна Турсуновага, 2-орун 9Б класстын окуучусу Малика Сеитовага жана 3-орун 8А класстагы Талант Мейлисбек уулу менен 9В класстын окуучусу Магдиль.Алтынбековго тийди;


- 3-топ: 1-орун 11Б класстагы Айза Кылычбековага, 2-орун 10Б класстагы Уулкан Асан кызына жана 3-орунга 10А классынын окуучусу Нуридин Зияев ээ болду. Кече көркөм окуу, обондуу ырлар жана бийлер менен жыйынтыкталды.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү