Навигацияны ачуу

Чүй обладминистрациясы: Студенттер айылына баруучу автожолду оңдоо маселеси 2018 жылга каралат

Чүй облусунун администрациясынын аппараты окурмандын Сокулук районундагы Студенческое айылына кетчү жол начар абалда маалматын карап чыгып, жооп берди:

 

«Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы жана Бишкек – Нарын – Торугарт авто унаа жолдорунун башкармалыгы менен биргеликте карап чыгып, төмөндөгүлөрдү билдирет:

Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагына караштуу Фрунзе айылынан Студенттер айылына баруучу жол жергиликтүү маанидеги жолго кирет жана №39 жол тейлөө ишканасынын балансында турат, узундугу 5 чакырымды түзөт. №39 жол тейлөө ишканасынын берген маалыматы боюнча, Студенттер айылына баруучу автожолдор начар абалда экендиги аныкталган.

 

2016-жылы аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Бул маселе боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине кат жөнөтүлүп 2018-жылга мамлекеттин бюджетинин эсебинен акча-каражатын бөлүп берүү маселеси коюлган.

 

Бүгүнкү күндө № 39 жол тейлөө ишканасынын көзөмөлүндө турат. Андан тышкары айылдын ички жолдорунун аң-чөнөктөрүн жамоо жана грейдер менен түздөө иштерине Фрунзе айыл аймагынын бюджетинен эсебинин кезексиз өтө турган айылдык кенешинин сессиясында 2018-жылга каралаарын билдирет».

Чүй обладминистрациясы: Студенттер айылына баруучу автожолду оңдоо маселеси 2018 жылга каралат
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp», «Viber» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.

Загружается...

 
 

Кирүү