Репортер

Чүй обладминистрациясы: Студенттер айылына баруучу автожолду оңдоо маселеси 2018 жылга каралат

9121

Чүй облусунун администрациясынын аппараты окурмандын Сокулук районундагы Студенческое айылына кетчү жол начар абалда маалматын карап чыгып, жооп берди:

 

«Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы жана Бишкек – Нарын – Торугарт авто унаа жолдорунун башкармалыгы менен биргеликте карап чыгып, төмөндөгүлөрдү билдирет:

Сокулук районунун Фрунзе айыл аймагына караштуу Фрунзе айылынан Студенттер айылына баруучу жол жергиликтүү маанидеги жолго кирет жана №39 жол тейлөө ишканасынын балансында турат, узундугу 5 чакырымды түзөт. №39 жол тейлөө ишканасынын берген маалыматы боюнча, Студенттер айылына баруучу автожолдор начар абалда экендиги аныкталган.

 

2016-жылы аң-чөнөктөрдү оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Бул маселе боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигине кат жөнөтүлүп 2018-жылга мамлекеттин бюджетинин эсебинен акча-каражатын бөлүп берүү маселеси коюлган.

 

Бүгүнкү күндө № 39 жол тейлөө ишканасынын көзөмөлүндө турат. Андан тышкары айылдын ички жолдорунун аң-чөнөктөрүн жамоо жана грейдер менен түздөө иштерине Фрунзе айыл аймагынын бюджетинен эсебинин кезексиз өтө турган айылдык кенешинин сессиясында 2018-жылга каралаарын билдирет».


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

Вход в АКИpress

Забыли пароль?