Репортер

Активдүү эмес жаштар үчүн өлкө боюнча «Достук кербени» иш-чарасы уюштурулууда

3039

Жаштар тынчтык куруу үчүн өлкө аймактарына «кербенге» чыгышты. Бул тууралуу окурман кабарлады.


Анын айтымында, Чүй облусунун бир нече айылдарында жана Кара-Балта шаарында «Достук кербени» аталышындагы массалык маданий иш чара болуп өттү.


«Иш чара алкагында спорттук мелдештер, концерттик программа, кол өнөрчү, сүрөтчү, ашпозчу жана башка чеберлерден мастер класстар уюштурулуп, миңден ашык эл катышты. Максат коомдун өнүгүшүнө активдүү катыштыруу менен жаштарды тынчтыктын жарчысы катары өстүрүү», - деп билдирди ал.


«Достук кербени» «Жашстан» долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад жана Чүй, Ысык-Көл областтарында уюштурулду. Анын массалык маданий иш-чарасына жергиликтүү калк, «Жашстан» долбоорунун жаш лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, көрүнүктүү исандар жана маданият кызматкерлери катышты.


Жакынкы күндөрү «Достук кербени» массалык маданий иш чарасы Нарын жана Талас областтарында болоору пландалган.

 

Маалымат үчүн:

 

«Жашстан» долбоору үчүн өлкөнүн алыскы аймактарынын 27 айылынан 160 жаш улан-кыздар тандалып алынган. Тандалгандар активдүү жаштар эмес, тескерисинче уялчаак, элге көп аралашпаган, мүнөздөрү оор, катаал шарттагы үй-бүлөлөрдүн балдар-кыздары. 2017 жылдын октябрь айынан тарта устат-шакирт усулу менен эл аралык футбол судьясы Бахадыр Кочкаров, ишкер Улан Үсөйүн, Искендер Суванкулов, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Нуршат Абубакиров, депутаттар Аида Касымалиева, Жанар Акаев жана сүрөтчү Кубаныч Молдокулов сыяктуулар жаштарга ментордук программасы менен жол көрсөтүүдө. Ал лидерлик сапаттарды өнүктүрүү инсан катары бул жаштардын калыптануусуна жардам беришти. Натыйжада, бир жылдан соң жаштардын кулк мүнөздөрү, дүйнө таанымы өзгөрүп, өздөрү долбоорлорду жазып, чакан бизнестерин ачып, коомду өнүктүрүүдө өз салымдарын кошуп башташкан.


Есть новость? Сообщи нам по номеру 0550 01 03 11 или через приложение «Репортер АКИpress»!


Комментарии

Для добавления комментария авторизуйтесь
   

АКИpress'ке кирүү