Навигацияны ачуу

ЖАГУнун баш корпусунун алдындагы суу түтүкчө оңдолду (сүрөт)

Жалал-Абад мамлекеттик университети окурмандын окуужай алдындагы суу бош агып жатат маалыматын карап чыгып, жооп берди:

 

«Үстүбүздөгү жылы шаардык сууканал башкармалыгы тарабынан суу түтүкчөлөрүн реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында жайгашкан таза суу түтүкчөсү ошол учурда жүйөөлүү себептер менен сынып калып, 2-3 күн суу агып турган.

 

Бүгүнкү күндө суу түтүкчөлөрү толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, өз калыбында иштеп жатат».

ЖАГУнун баш корпусунун алдындагы суу түтүкчө оңдолду (сүрөт)
Урматтуу окурман, эгер сиз дагы өзүңүз кайдыгер карай албаган коомдук көрүнүштөргө же көйгөйлөргө күбө болсоңуз анда «WhatsApp», «Viber» аркылуу 0554 65 60 03 номуруна жөнөтсөңүз болот. Сиздин билдирүүңүз биз аркылуу бийлик бутактарына жетип, маселенин чечилишине оң таасирин берет.

Загружается...

 
 

Кирүү